Агартуу министрлиги: ЖРТга даярдоо үчүн атайын курстар даярдалууда (видео)
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова парламенттин тармактык комитетинин 2-марттагы жыйынында окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо үчүн акысыз курстар киргизилерин билдирди.
Жусупбекованын айтымында, 12 жылдык билим берүүнүн окуу куралдары толук камсыздалып бүткөндө, балдардын курстарга баруусунун кажети жок болот.
"Учурда окуучулар акча төлөп ЖРТга даярданып жатышат, биз ошого альтернатива катары акысыз курстарды даярдап жатабыз. Азыр платформасы, суроолору даяр. Ушул даярдоо курстарын тез убакытта киргизгенге аракет кылабыз. Жаңы ыкма менен даярдалган окуу куралдарын толук камсыздап берсек, балдарга курстарга баруунун кажети жок болуп калат. Анткени ал китептерде баары камтылат",- деди агартуу министринин орун басары.
Агартуу минисрлиги ЖРТга даярдоо үчүн атайын курстар даярдалып жатканын билдирди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















