super.kg logo

Иран Сауд Арабиясындагы мунай иштетүүчү эң ири заводго сокку урганы маалымдалды (видео)

 

Ирандын учукучсуз учагы "Saudi Aramco" компаниясына таандык мунайды кайра иштетүүчү заводго сокку урганы кабарланды. Окуя Рас-Танура шаарында болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.

Түркиялык Sözcü гезити да дрон чабуулу тууралуу маалымат таратты. Reuters агенттиги тармактагы булагына таянып билдиргендей, соккудан кийин компания Рас-Танурадагы мунайды кайра иштетүүчү заводунун ишин убактылуу токтоткон. Заводдо иштин токтотулганы тууралуу Bloomberg да өз булактарына таянып кабарлады.

Маалымат үчүн: Saudi Aramco - Сауд Арабиясынын улуттук мунай компаниясы жана дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчү ишкана. Компания падышалыктын бюджетинин 80 пайызга чейинки кирешесин камсыздайт. Башкы кеңсеси Дахран шаарында жайгашкан.






Иран Сауд Арабиясындагы эң ири мунай иштетүүчү заводго сокку ургандыгы маалымдалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: