super.kg logo

Израилдин Ливанга кол салуусунан кеминде 31 адам каза болду

 

Ливанда Израилдин кол салууларынан 31 киши каза болуп, 149 адам жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып, чет элдик басылмалар жызышты.

"Израил аба күчтөрүнүн Ливандын түштүгүндө жана Бейруттун чет жакаларында жасаган чабуулунун кесепетинен 31 адам каза болуп, 149 адам жарадар болду",- деп билдирет Al Jazeera телеканалы.

Буга удаа Sabereen News өзүнүн Telegram каналында Израилдин Ливандын Шехабия шаарына жасаган чабуулунан үч жаран каза болгонун кабарлады.

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн басма сөз катчысы 2-мартта Ливандагы Хезболланын буталарына сокку ура баштаганын жарыялады. Бул аракеттер Хезболланын Израил аймагына карата чабуулдарына жооп катары жасалган.

Буга чейин Израил армиясынын басма сөз кызматы 28-февралда Ливандын түштүгүндөгү Хезболланын инфраструктуралык объекттерине сокку урулганын билдирген. Муну Израил армиясы Хизболланын ок атышпоо келишимин бузганы менен байланыштырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: