super.kg logo
  Саясат  

Банктын кара тизмесине киргендердин маалыматы эми 2 жылдан кийин өчүрүлөт

 

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды.

Анда карыз алуучулардын насыялык маалыматтарын сактоо мөөнөттөрүн кыскартуу каралууда. Бул карыз алуучулардын насыяларга жетүүсүн жеңилдетүүгө, банк тутумуна болгон жүктөмдү азайтууга жана чакан жана орто бизнестин өнүгүшүн стимулдаштырууга мүмкүндүк берет.

"Депутаттардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен негативдүү насыялык маалыматты эсепке алуунун жалпы мөөнөтүн 5 жылдан 2 жылга, ал эми позитивдүү насыялык маалымат үчүн 7 жылдан 5 жылга кыскартуу сунушталууда",- деди орун басар.

Тармактык комитет аталган мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: