super.kg logo

Иранда 48 сааттан бери интернет иштебей жатканы айтылды 

 

Иранда 48 сааттан бери интернет дээрлик толугу менен өчүрүлгөнү айтылды. Бул тууралуу NetBlocks эл аралык мониторинг кызматы тастыктаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалымат боюнча, тармактык байланыш деңгээли бир пайызды гана түзүп, 90 миллионго жакын адамда байланыш түзүү мүнкүнчүлүгү үзүлгөн.

"Иранда интернеттин өчүрүлүшү 48 сааттан бери уланууда", - деп жазылган аталган кызматтын X социалдык тармактагы баракчасында.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаган.

Иранга сокку уруудан Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болуп, дагы кеминде 555 адам каза болгону айтылды. Буга байланыштуу Иран бийлиги өлкөдө 40 күндүк аза күтүү күнүн жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: