Бишкекте 8 автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү
Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү.
Мэрия эскерткендей, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт.
Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы бөлүгү оңдоо иштерине, суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда жабылган.
Мындан тышкары аталган тилкеде эски асфальт катмарын алуу, кеңейтүү, бордюрларды жаңылоо, асфальт катмарын жаңылоо иштери жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:39
2026-03-02
19:20
2026-03-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















