super.kg logo

Жогорку Кеңештин алдындагы борбор менен СДУИ кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду

 

Жогорку Кеңештин алдындагы Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору менен Стратегиялык улуттук демилгелер институту (СДУИ) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, документ өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Меморандумдун алкагында тараптар биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашырууну, эксперттик билим жана тажрыйба алмашууну, ошондой эле парламенттик маданиятты жана институционалдык реформаларды өнүктүрүүнү көздөшөт.

Ошондой эле изилдөө потенциалын жогорулатууга, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана мамлекеттик башкарууга инновациялык ыкмаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулары белгиленди.

Тараптар бул кызматташтык ачыктыкка, катышууга жана жоопкерчиликке негизделген туруктуу мамлекеттик башкаруу системасын калыптандырууда маанилүү кадам болорун баса белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: