Бишкектеги 20 мектептин курулушу боюнча жыйын өттү
Бүгүн, 2-мартта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жетекчилиги алдында Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 мектеп боюнча подряддык уюмдар менен жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйында объектилердин техникалык абалы, курулуш сапаты, материалдар менен камсыздоо, коопсуздук чаралары жана иштердин графикке ылайык аткарылышы талкууланды. Курулушту кечиктирбөө боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Белгилесек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен быйыл борбор калаада республикалык бюджеттин эсебинен 20 мектептин курулушу башталган. Анын ичинен Октябрь жана Ленин райондорунда — 6дан, Биринчи Май районунда — 5, Свердлов районунда — 3 мектеп курулууда.
Учурда бардык объектилерде алгачкы этаптагы курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоор билим берүү инфраструктурасын чыңдоого багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















