super.kg logo

УИАда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” курсу аяктады

 

Бүгүн, 2-мартта Улуттук илимдер академиясында илимий институттардын жетекчилери үчүн уюштурулган окуу курсу аяктады. Иш-чара президенттин администрациясы тарабынан өткөрүлгөн.

Маалыматка ылайык, окутуу курсу президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” доктринасы тууралуу жарлыгын ишке ашыруу максатын көздөдү.

Жыйынтыктоочу иш-чарага Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев катышып, доктринанын мазмуну жана анын билим берүү тармагындагы мааниси тууралуу пикирин билдирди. Ошондой эле курс угуучуларына сертификаттарды тапшырды.

Окууну аяктаган жетекчилер алган билимдерин өз мекемелеринде колдонуп, доктринанын жоболорун коомчулукка түшүндүрүүгө, жаштардын улуттук аң-сезимин калыптандырууга жана маданий мурастарды сактоого салым кошо алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: