super.kg logo

Казыбек Молдажиев Кытайда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

 

Бүгүн, 2-мартта Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Пекин шаарында Чжан Син менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал Yunnan SCO Culture and Sports Co. Ltd. компаниясын жетектейт жана Куньминдеги ШКУ марафонунун уюштуруучусу болуп саналат.

Аталган мекемеден билдиришкендей, жолугушууда Бишкекте өткөрүлүшү пландалган эл аралык “Run the Silk Road” марафонун уюштуруу, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюму алкагында спорт министрлеринин жолугушуусун даярдоо маселелери талкууланды.

Тараптар аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, спорттук инфратүзүмдү чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: