ЮНИСЕФ менен кызматташуу боюнча иш планына кол коюлду
Бүгүн, 2-мартта маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Жунг Тапа менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2026–2027-жылдарга өспүрүмдөрдү жана жаштарды колдоо боюнча биргелешкен иш планына кол коюшту. Документ улуттук артыкчылыктарга жана туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык жаштарды колдоонун туруктуу тутумун түзүүгө жана ыктыярчылык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган.
Талкуунун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин өкүлү министрликке жигердүү өнөктөштүк үчүн ыраазычылык билдирип, эки жылдык пландоо циклине өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, мындай ыкма демилгелерди системалуу жана натыйжалуу ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Иш планды ишке ашыруунун алкагында санариптик инструменттерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Атап айтканда, U-Report платформасын кайра жандандыруу, volunteer.kg сайтын модернизациялоо, ыктыярчылар үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыгуу жана санариптик платформаларды мамлекеттик жаштар саясатына системалуу киргизүү каралган.
Министрлик жаштар саясатын өнүктүрүү жана эл аралык өнөктөштүктү чыңдоо багытындагы иштерди мындан ары да улантарын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















