Мэрия бала бакчалардагы тамак-аш үчүн төлөм тартибин түшүндүрдү
Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аш үчүн төлөм жүргүзүүнүн тартиби тууралуу маалымат берди.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, ар бир балага жеке эсеп (лицевой счет) ачылат. Райондук билим берүү башкармалыктары баланын катышуу табелинин негизинде ай сайын ар бир тарбиялануучу үчүн төлөм эсебин түзөт.
Жеке эсептин реквизиттери жана төлөнө турган сумма ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) бала бакчанын администрациясы тарабынан берилет. Тамак-аш үчүн төлөмдөр баланын жеке эсебине гана жүргүзүлүшү керек — банк мекемелери, почта бөлүмдөрү же электрондук төлөм системалары аркылуу.
Мэрия белгилегендей, каражаттарды бала бакча кызматкерлеринин жеке эсептерине которууга, белгиленген суммадан ашыкча төлөм жүргүзүүгө жана накталай акча берүүгө тыюу салынат.
Эгерде эсептөө же төлөм маселелери боюнча суроолор жаралса, ата-энелер райондук билим берүү башкармалыктарына кайрылуусу зарыл.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















