Ирандын жогорку лидери менен кошо 14 айлык небереси каза болгону айтылууда
Маалымат каражаттарында Ирандын жогорку диний лидери — Али Хаменеинин 14 айлык небересинин сүрөтү тараганы тууралуу кабарлар пайда болду. Айрым булактарда ымыркай чоң атасы менен кошо каза болгону айтылууда.
Бирок расмий тараптан бул маалымат боюнча так жана тастыкталган билдирүү жасала элек. Социалдык тармактарда тараган сүрөттөрдүн жана билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн текшерүү зарыл экендиги белгиленүүдө.
Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.
Буга чейин Али Хаменеи набыт болуп, өлкөдө 40 күн аза күтүү жарыяланганы айтылган. Мунун алдында, ишемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социлдык тармактагы баракчасы аркылуу Хаменеи америка-израил биргелешкен операциясы маалында жок кылынганын маалымдап, "дүйнөдөгү эң карөзгөй адамдардын бири мерт болду" деп жазган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















