Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу алтындын баасын 3 пайызга көтөрдү
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам дүйнөлүк рынокто алтындын баасы дээрлик 3 пайызга өстү. Бул тууралуу Investing.com платформасынын маалыматына таянып, Известия жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, учурда алтындын унциясы 5 397,85 АКШ долларына жетти.
Белгилесек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштаган. Жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базаларына жана Израилдин шаарларына сокку урган. Чабуулдардан Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы башка өлкөлөр жабыркаган. Мындан тышкары, Израилдин чабуулдарынын кесепетинен Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгондугу маалым болду.
Эксперттер белгилешкендей, геосаясий чыңалуу күчөгөн учурда инвесторлор коопсуз актив катары алтынга каражат салууга артыкчылык беришет, бул баанын өсүшүнө алып келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















