super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт Европа биримдиги менен соттошуу ниети жоктугун билдирди

 

Министрлер кабинети Кыргызстандын Европа биримдигине каршы эч кандай соттук териштирүүнү баштоо ниети жок экенин жана эч кандай демилге көтөрбөй турганын билдирди.

Бул жакында Financial Times басылмасына министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин берген маегине түшүндүрмө болду. Өкмөт аталган маекте мүмкүн болуучу санкцияларга байланыштуу гипотетикалык сценарий талкууланганын тактады.

"Өлкө улуттук мыйзамдарга, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерине жана эл аралык укукка толук ылайык аракеттенет. Экспорттук көзөмөл жана санкциялык режимдерди сактоо маселелери эл аралык өнөктөштөр менен макулдашуу жана диалог аркылуу гана чечилет.

Евробиримдиктин өкүлдөрү менен болгон байланыштарыбызда талкуулар процедуралык ачык-айкындуулукка, маалымат алмашууга жана жөнгө салуу механизмдерин андан ары чыңдоого багытталган. Соттук же тирешүү чаралары биздин мамилебизге кирбейт. Кыргыз Республикасы Европа биримдиги менен конструктивдүү өнөктөштүккө жана келип чыккан бардык маселелерди белгиленген укуктук жана дипломатиялык механизмдердин алкагында чечүүгө умтулат",- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган басылмага маек берген Амангелдиев Европа биримдиги Кыргызстанды Орусияга санкцияны кыйгап өтүүгө жардам берген деген кине менен кара тизмеге киргизсе, Бишкек сотко даттана турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: