ТИМ кыргызстандыктарга Ооганстан менен Пакистанга барбай турууну эскертти
Тышкы иштер министрлиги Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы кырдаал курчуп жатканын билдирип, кыргызстандыктарды азырынча бул өлкөлөргө барбай турууга чакырды.
Ал эми аталган өлкөлөрдө жүргөн жарандарга этият болуу, эл көп чогулган жерлерден алыс болуу жана жергиликтүү бийликтин коопсуздук талаптарын так сактоо сунушталды. Ошондой эле расмий маалыматтарды гана байкап туруу керектиги кошумчаланды.
Эгер өзгөчө кырдаал жаралса, Кыргызстандын Исламабад жана Кабул шаарларындагы элчиликтерине кайрылуу зарыл.
Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги (Исламабад шаары):
+92 333 5556343
+92 333 5209903
Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги (Кабул шаары):
+93 77 909 93 26
WhatsApp: +93 77 654 45 04
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (күнү-түнү):
+996 999 312 002, email: dks@mfa.gov.kg
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















