Иран АКШнын Сауд Арабиясындагы элчилигине кол салды
Иран АКШнын Сауд Арабиясындагы элчилигине кол салды. Бул тууралуу Сауд Арабиясынын Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, элчиликке эки учкучсуз аппарат тарабынан сокку урулган. Натыйжада элчиликтин имараты жеңил зыянга учураган. Чабуул Ирандын Перс булуңундагы америкалык аскердик базаларга карата соккулары учурунда катталды.
Буга байланыштуу АКШ элчилиги Эр-Рияд, Жидда жана Дахран шаарларындагы АКШ жарандарына жайгашкан жеринде баш калкалап, элчиликке барбай турууга чакырды.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















