super.kg logo

Иран тарап Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү кемелерди өрттөй турганын билдирди 

 

Иран акыркы кырдаалга байланыштуу Ормуз кысыгын жапканын жана аймакка кирген бардык кемелерди аткылай турганын эскертти. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы Ирандын ISNA маалымат агенттигине таянуу менен жазды.

Андагы маалыматка ылайык, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысынын кеңешчиси, генерал Ибрахим Жаббари аталган кысыкка кирген кемелер аткылана турганын айткан.

"Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылган бардык кемени өрттөйбүз. Бул аймактан бир тамчы мунайдын чыгышына жол бербейбиз",- деген Жаббари.

Ормуз кысыгы эмнеси менен маанилүү?

Аталган кысык дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолдорунун бири, ал аркылуу Перс булуңундагы мунай менен газдын чоң бөлүгү башка өлкөлөргө ташылат. Кысык Иран менен Омандын ортосунда жайгашкан. Эгер кысык жабылса же коопсуздук начарласа, дүйнөдө мунайдын баасы дароо өсөт. Ошондуктан Ормуз кысыгы дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолу болуп эсептелинет.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.

1-мартта Израилдин соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болду. Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланып, убактылуу жетекчилик кеңеши түзүлдү. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Хаменейдин өлүмү үчүн өч алууну убада кылды. Учурда Жакынкы Чыгышта кырдаал курч бойдон калууда.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: