ЖЫЛНААМА: Легендарлуу диктор Бактыбек Мамытов көзү тирүү болгондо 76 жашка чыкмак
Кыргыз телесинин жүзү, белгилүү диктор, Кыргыз Эл артисти Бактыбек Мамытов көзү тирүү болгондо бүгүн, 3-мартта 76 жашка толмок.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Камчыбек менен энеси Сакен карапайым адамдар болушкан. Бактыбек Мамытов 7 бир туугандын улуусу болгондуктан ата-энеси аны чоң энесинин колуна беришкен. Мындан улам бала кезинде өз атасын байке, апасын Сакен деп атынан айтып чоңойгон. Кичинекей Бактыбек 4-класска чейин өз айылында окуп, кийин 8-класска чейин 3,5 чакырым алыстыктагы кошуна айылга жөө барып билим алуусун уланткан.
Айылдагы мектепти бүтүргөн соң алгач ата-энесинин кеңеши менен айыл чарба институтуна тапшырган. Бирок сынактан кулап өтпөй калып, кийинки жылы өзү каалаган Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине окууга тапшырууну пландаган. Бирок жаш жигит тапшырган окуусуна өтпөй, мунусунда да сынактан кулап калат. Ошентип өжөрлүк менен окууга тапшыруу үчүн тынымсыз аракет кылып, төрт жылдан кийин гана өзү каалаган окуусуна өткөн.

Жогорку окуу жайда билим алып жүргөндө телерадиодо алып баруучулукка сынак жарыяланат. Коңур үндүү жаш жигит сынактан өтүп, 21 жашында радиодо эмгектенип калат. Алгач радиоэфирлерге чыгып жүрүп, кийин теледеги эфирлерди алып бара баштайт.
Бактыбек Мамытов таланттуу замандаштары: Жолдубай Кайыпов, Сатыбалды Жээнбеков, Тамара Алсеитова, Тамара Жаманбаева, Гүлшан Молдоева сыяктуу кесиптештери менен теледе бир топ жыл чогуу эмгектенген. Ал өлкөнүн башкы телеканалында жалпысынан жарым кылымдан ашык, тагыраагы, 51 жыл иштеген. Мамытов көп жылдар бою КТРКдагы "Арноо концертин" алып барып, коңур үнү менен элдин эсинде калды.

Чыгармачыл инсандын алып баруучулуктан тышкары акындык дагы өнөрү болгон. Анын жазган айрым ырларына ырчылар обон чыгарып, азыркы күндө аткарып келишет.
Айылыма
Алмалуунун аязында, аптабында,
Ал турсун топурак чаң, баткагында.
Мээримдүү бир башкача жылуулук бар,
Мен балким, түшүнбөгөм жаш чагымда.
Атама, апама окшош айылымсың,
Андыктан, бул дүйнөдө дайынымсың.
Алыстап тагдыр мени алып жүрсө,
Акыры бир кайрылаар байырымсың.
Көкөйдө ата-энемден айрылганым,
Көп болду ата-энем деп кайгырганым.
Кээде бир келип калсам тобо кылам,
Анткени, ата-энемдей айылымдамын.
Адаммын, айылымдын тамчысымын,
Ата-энемдин артында жарчысымын.
Арзыбасам жок дегенде босогого,
Атакем илип кеткен камчысымын!
Бактыбек Мамытов өмүрлүк жары Жамийла Омокеева менен студент кезинде таанышып, баш кошушкан. Андан кийин түгөйлөр бир жерде чогуу иштешкен. Жубайы радиодо 19 жыл режиссёр болуп эмгектенген. Экөө 49 жыл бирге түтүн булатып, үч уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн.

Бактыбек Мамытов маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы Даңк медалы жана башка бир топ сыйлыктарга татыган. Көптөгөн жылдар бою "Арноо концерти" көрсөтүүсүнүн редактору жана алып баруучусу, КТРдин алдындагы "ТВ-студиянын" диктору болгон.

Диктордун 2021-жылы жубайы Жамийла Омокеева менен бирге SUPER.KG порталына үй-бүлө, турмуш, эки адамдын ортосундагы мамиле тууралуу берген акыркы маектеринин бирин төмөнкү видеодон көрө аласыз.
3-мартка карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















