Иран АКШнын Бахрейндеги авиабазасына чабуул жасады
Иран АКШнын Бахрейндеги авиабазасына чабуул жасаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматтарга караганда, аскер күчтөрү сокку урууда 20 учкучсуз учак жана үч ракета колдонушкан. Анда башкы командачылык имараты жана америкалык аба күчтөрүнүн базасы талкаланганы жазылган.
"Акыркы сааттарда Бахрейндин Шейх Иса аймагындагы америкалык авиабазага ракеталар жана учкучсуз учактар аркылуу чабуул жасалды",- деп жазган Ирандын IRNA маалымат агенттиги.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
1-мартта Израилдин соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болду. Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланып, убактылуу жетекчилик кеңеши түзүлдү. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Хаменейдин өлүмү үчүн өч алууну убада кылды. Учурда Жакынкы Чыгышта кырдаал курч бойдон калууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















