Ошто мамлекеттик туу күнү белгиленди
Бүгүн, 3-мартта Ош шаарында мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чарала өткөрүлүп, туу көтөрүү аземи орун алды. Бул тууралуу президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага облустун башчысы Аманкан Кенжебаев, шаар мэри Жанар Акаев, легендарлуу парламенттин депутаттары, шаар тургундары жана аскер кызматкерлери катышты.
"Бүгүн мамлекеттик туу күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка, мекенчилдикке үндөйм. Туубуз элибиздин майрамдарында, салтанаттарында, улуттук аземдеринде ар дайым желбиреп турсун. Бүткүл өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандары башын бийик көтөрүп, жеңиштерде туубузду желбиретишсин. Ылайым, биздин туубуз кыргызстандыктарды бириктирген сыймыктуу символ катары түбөлүккө жашасын",- деди Кенжебаев.
Иш-чаранын жүрүшүндө жоокерлер шаардын борбордук аянтына мамлекеттик тууну көтөрүштү.
Белгилей кетсек, мамлекеттик туу легендарлуу парламент тарабынан эки ай талкууланып, 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Быйыл Кыргызстандын мамлекеттик туусуна 34 жыл толду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:18
2026-03-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















