super.kg logo

О! Мобилдик оператору Жакынкы Чыгыштагы абоненттерине акысыз интернет берди

 

О! Мобилдик оператору Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаалдын курчушунан жабыркаган кардарларын колдоо чараларын жарыялады. Компания абоненттерди жакындары менен байланышта болушу үчүн акысыз интернет-трафик менен камсыз кылды.

Компанияда белгисиздик учурларында жакындарыңды угуу мүмкүнчүлүгү жөн гана кызмат эмес, жашоо зарылчылыгына айланат деп баса белгилешет.

«Биз үчүн бул биринчи кезекте адамгерчилик жана өз ара колдоо маселеси. Мындай учурларда ар бир мекендешибиз чет өлкөдө үйү менен байланышып, маалыматты ыкчам ала алышы өтө маанилүү», – деп белгилешти О! компаниясында.

Төмөнкү өлкөлөрдүн аймагында роумингде жүргөн О! абоненттеринин баарына автоматтык түрдө 500 МБ көлөмүндөгү акысыз интернет пакети кошулду:

• БАЭ
• Сауд Арабиясы
• Катар
• Иран
• Иордания
• Бахрейн

Пакет 30 күн бою иштейт, бул жарандарга ыкчам маалымат алып, Кыргызстандагы жакындары менен байланышта болууга мүмкүндүк берет. Трафиктин калдыгын «Мой О!» мобилдик тиркемесинен көзөмөлдөсө болот. Сиздерди сактык чараларын көрүүгө жана расмий кызматтардын көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырабыз.

Сак болуңуздар, сиздердин О!.

КР МТжБМК алдындагы МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧКсы №16-0062-КР жана №16-0063-КР 06.12.2016-ж..






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: