super.kg logo

Руандалык Moriox Kids тобунун жаш таланттары Кыргызстанга келүүнү каалашууда (видео)

 

Руандалык Moriox Kids тобунун жаш таланттары Кыргызстанга келүүнү каалашарын айтышты. Мындай видео аталган топтун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган.

"Сиздердин колдооңуздарга терең ыраазычылык. Сиздердин керемет өлкөгө ашык болдук. Жакынкы күндөрү Гүлназ айым менен бирге Кыргызстанга барууну пландап жатабыз",- деп билдирген аталган бий тобунун негиздөөчүсү.

Белгилей кетсек, аталган африкалык бийчи балдар Гүлназ Чыныбек кызынын аткаруусундагы "Аттиң ай", "Ak Orgo City" командасынын "Дык-Кын-Дыш", кара жорго жана башка бир нече кыргыз музыкаларына бийлеп видео тартышкан.

Moriox Kids - Руанданын баш калаасы Кигалиден чыккан бийчилер тобу. Топ ар кандай бийлерди аткарып, социалдык тармактарга видео жарыялап, дүйнө жүзү боюнча аудиториянын көңүлүн өзүнө буруп келет.







Африкалык бийчи балдар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: