“Согуштарды чексиз жүргүзүүгө болот”. Трамп курал сактагычтагы запастары менен мактанды

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн куралдуу күчтөрү практикалык жактан чектелбеген запастарга ээ экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмаларды жазылууда.
Трамптын айтымында, АКШнын курал сактагычынын деңгээли мурдагыдан жогору жана сапаттуу.
“Бизде чексиз запас бар. Бул куралдарды колдонуп согуштарды узак убакытка жана ийгиликтүү жүргүзүүгө болот,”- деп жазды ал Truth Social социалдык тармагында.
Ал ошондой эле айрым жогорку класстагы курал-жарактар чет өлкөлөрдө сакталганын белгиледи.
Трамп мурдагы президент Жо Байденди сынга алып, анын Украинага жүздөгөн миллиард долларлык заманбап курал жөнөткөнүн, бирок аларды толук кандуу алмаштырууну камсыздабаганын айтты.
“Мен биринчи мөөнөтүмдө куралдуу күчтөрдү калыбына келтирдим жана азыр да муну улантып жатам. АКШ даяр жана чоң жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар,”- деп кошумчалады ал.
Учурда АКШнын Иранга каршы операциясына кеткен чыгымдар болжол менен 2 миллиард долларга жакындап калган. Бул тууралуу Cost of the Iran War (“Ирандагы согуштун баасы”) интернет сайты билдирүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















