Тарыхта биринчи жолу АКШнын биринчи айымы БУУнун Коопсуздук кеңешин башкарды

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Нью-Йорктогу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын башкарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Жыйындын темасы - куралдуу конфликттерде балдардын абалы. Мелания Трамп учурдагы абалды “кыйын” деп сыпаттап, АКШ дүйнөдөгү бардык балдарды колдойт деп билдирди. Ал жакында дүйнөдө тынчтык орнойт деген үмүтү бар экенин маалымдады.
Жыйынга катышкан адамдардын саны абдан көп болду, залда бош орун калган жок. Ал эми БУУдагы Ирандын туруктуу өкүлү бул жыйын АКШнын Иранга каршы операциясы жүрүп жаткан учурда өтүп жатканын сынга алды.
АКШ март айында Коопсуздук кеңешин ротация менен башкарып жатат. Бул жолу мамлекет башчынын аялы жыйынды башкарып чыгышы тарыхта биринчи жолу болуп калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















