super.kg logo

Бишкекте мас болуп күбөлүгүнөн ажыраган айдоочу кайра кармалды

 

Бишкекте мас абалында унаа башкарууга шектелген жаран кармалганын милициянын Кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-март күнү болжол менен саат 00:30 чамасында Kia Carnival үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү учурунда унааны башкарып бараткан айдоочудан алкоголдук ичимдик ичкендигинин белгилери байкалган. Кызматкерлердин документтерди көрсөтүү боюнча мыйзамдуу талабын аткаруудан айдоочу баш тарткан.

Айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп, жыйынтыгында спирттик ичимдик ичкендиги тастыкталды. Ошондой эле бул жаран буга чейин да мас абалында унаа башкарганы үчүн жоопкерчиликке тартылып, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганы аныкталды.

Аталган айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, унаа айып короого токтотулду. Тиешелүү материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн сотко жөнөтүлөт.






Бишкекте мас болуп күбөлүгүнөн ажыраган айдоочу кайра кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: