Кара-Суунун мурдагы акими УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгын жетектейт
27-февралда кызматынан бошотулган Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев эми УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгын жетектейт. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалым болгондой, УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине Табалдиевди тааныштырды. Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, алардын орун басарлары, ошондой эле облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери катышыты.
Эскерте кетсек, аталган кызматка 19-февралда Жоомарт Токтогулов дайындалган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:24
2026-03-04
13:16
2026-03-04
11:00
2026-03-04
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















