Жаштардын дымагы... Чүй театрында "Эртең кеч" аталышында поэзия кечеси өттү
28-февралда Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма жана сатира театрында "Эртең кеч" аталышында поэзия кечеси болуп өттү.
Анда белгилүү кыргыз акындарынын жана уюштуруу тобундагы жаш акындардын ырлары көркөм окулуп, комуздун коштоосунда ырлар аткарылды. Аталган кечени "Жаңы толкун" адабий клубунун мүчөлөрү, жаш акындар Рабига Рысбекова, Канат Таалайбек уулу, Бектемир Асылбеков, ырчы Бекмырза Төлөгөнов жана көркөм окуунун чебери Раиса Акылтай кызы уюштурушту.
Кеченин биринчи бөлүгүндө белгилүү кыргыз акындарынын ырлары окулса, экинчи бөлүгүндө уюштуруучулардын калемине таандык ырлар айтылды. Раиса Акылтай кызы "Жаңы толкун" адабий клубу тарабынан буга чейин тар чөйрөдө бир нече жолу поэзия кечелери өткөрүлгөнүн белгилеп, бул кече чоң масштабда, акылуу өткөрүлгөн алгачкысы экенин айтты.
"Билет баасын 500 сом кылдык. Анткени биз театрды арендага алганбыз да, аны чыгарышыбыз керек. Бизди кубандырганы - билеттер биз күткөндөн көбүрөөк өттү. Бул да болсо жаштарыбыздын адабиятка болгон кызыгуусун билдирет",- деди ал.
Жаш акын Канат Таалайбек уулу поэзия кечесине жоопкерчилик менен даярдануу болгонун айтып, "кече кандай деңгээлде өткөнүнө көрөрмандар баа беришет" дейт. Ал ошондой эле даярдык учурунда колдоо көрсөткөн абадий клубдун башка мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирди. Жаш акындын айтымында, адабиятка кызыккан муун тарбияланып жатканы сезилүүдө.
Театрдын чоң залы поэзия сүйүүчүлөрүнө толуп, көркөм ырлардын ыргагына толкундангандардын деми сезилип турду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

























