Иранда 72 сааттан бери интернет өчүк экени айтылды
Жакынкы Чыгыштагы соңку окуялардан улам Иранда 72 сааттан бери интернет дээрлик өчүк. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости басылмасы NetBlocks эл аралык интернет мониторинг кызматына таянуу менен жазды.
"Иранда төрт күндөн бери интернет өчүрүлгөн. Өкмөттүк чектөөлөр 72 сааттан ашык убакыттан бери болуп жатат",- деп жазылган аталган кызматтын X социалдык тармагындагы баракчасында.
Буга чейин аталган кызмат Иранда 48 саттан бери интернет өчүк экенин кабарлаган эле.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
1-мартта Израилдин соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болду. Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланып, убактылуу жетекчилик кеңеши түзүлдү. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Хаменейдин өлүмү үчүн өч алууну убада кылды. Учурда Жакынкы Чыгышта кырдаал курч бойдон калууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















