super.kg logo

Израил Ливандын түштүгүндө "Хезболлага" каршы чабуул жасады

 

Израил армиясы Ирандагы аскердик операциялар менен бирге Ливандын түштүгүнө чабуул жасады. Бул тууралуу Израилдин Коргоо күчтөрү билдирди.

"Израилдин аскерлери чек арага жакын бир нече позицияга жайгаштырылган. Бул алдыңкы коргонуу концепциясын күчөтүү максатында жана түндүк Израилдин тургундарын коргоо максатында жасалууда",- деп айтылат билдирүүдө. Соккулар "Хезболланын" террордук инфраструктурасына" багытталган.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, израилдик соккулардан бир күндүн ичинде 52 адам каза болуп, дагы 154 киши жаракат алган. Атайын соккулар Джнах кварталына жана Бурдж-эль-Бараджна конушуна тийген. "Хезболла" жооп катары Израилдеги бир нече аскердик базага сокку урган, бирок Израил тарап бул маалыматты тастыктаган жок.

28-февралда АКШ жана Израил Иранга ракеталык соккуларды жасаган. Жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларды аткылаган. Бахрейн, Катар, Кувейт, БАЭ, Оман жана Сауд Арабиясы Иран тараптан жасала турган соккуларга жооп берүүгө даяр экенин билдирген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: