super.kg logo

Казакстан Жакынкы Чыгыштан өз жарандарын эвакуациялоону күчөттү

 

Казакстан жакынкы эки күндүн ичинде Бириккен Араб Эмираттары жана Катар аймагынан 800дөн ашуун жаранын чыгарарын билдирди. Бул тууралуу өкмөттөгү брифингде тышкы иштер министринин орун басары Алибек Бакаев маалымдады.

Анын айтымында, бүгүн Оман султандыгынын борборунан 467 адам, ал эми эртең Жидда шаарынан 343 казакстандык учуп келет. Бул - эвакуациянын биринчи тобу.

"Жарандар коңшу мамлекеттер аркылуу чыгарылууда. Дубайдан Оманга автобустар колоннасы жөнөп кеткен. Катардан болсо адамдарды Сауд Арабиясы аркылуу алып чыгып, адегенде Эр-Риядга, андан соң Жиддага жеткиришет. Ал жерден казакстандык авиакомпаниялардын учактары менен мекенине кайтарылышат",- деп билдирди Бакаев.

Бакаев ошондой эле Ирандын түндүгүнөн 17 казакстандык Түркмөнстан аркылуу кургак жол менен эвакуацияланганын кошумчалады.

Транспорт министри Нурлан Сауранбаев Жакынкы Чыгышта болжол менен 5 миңдей казакстандык бар экенин айтты. Анын маалыматына караганда, каттамдар Сауд Арабиясы, Египет жана Түркия аркылуу уюштурулууда.

Эвакуация үчүн "Air Astana" жана SCAT авиакомпаниялары алты учак бөлгөн. Ошондой эле Fly Dubai авиакомпаниясынын эки каттамы менен 306 казакстандык Астана жана Алматыга кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: