Токмокто унаа куроочу завод жана индустриалдык парк куруу пландалууда
Бүгүн, 3-мартта өкмөт башчы Адылбек Касымалиев “Central Asia Capital” инвестициялык фондунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, инвестициялык фонддун өкүлдөрү Токмок шаарында жылына 25 миңге чейин унаа куроочу заводду жана индустриалдык паркты куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары, Бишкекке жакын аймакта индустриалдык парк түзүү демилгелери, электр кубаттоо инфраструктурасынын тармагын түзүү, Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоо боюнча долбоорлор сунушталды.
Ошондой эле Кыргыз тарап инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтуларын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















