super.kg logo

Израилдин коргоо министри Иранга каршы операция боюнча билдирүү жасады

 

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн Иранга каршы аскердик операциясы зарыл болгонго чейин уланат. Бул тууралуу Израилдин коргоо министри Исраэль Кац X социалдык тармагына жазды.

"Аскердик операция керектүү болгон күч менен жана канча убакыт талап кылынса, ошончо убакыт улантылат",- деген министр.

Ал ошондой эле АКШ менен Израилдин биргелешкен операциясы Ирандын мүмкүнчүлүктөрүн талкалоого, Израилдин арткы жана АКШнын аймактагы аскер күчтөрүн коргоого, ошол эле учурда Ирандын өзөктүк курал жана ракеталарды массалык түрдө өндүрүүгө кайтып келишине жол бербөөгө багытталганын белгиледи.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.

1-мартта Израилдин соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болду. Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланып, убактылуу жетекчилик кеңеши түзүлдү. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Хаменейдин өлүмү үчүн өч алууну убада кылды. Учурда Жакынкы Чыгышта кырдаал курч бойдон калууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Иранда АКШ менен Израилдин кол салуусунан каза болгондордун саны 800гө жакындады.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: