super.kg logo
  Саясат  

"Мугалим болуп калдыңызбы?" Медер Алиев менен Улукбек Карыбек уулу кайым айтышты

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Медер Алиев менен Улукбек Карыбек уулу кайым айтыша кетти. Алардын ортосундагы пикир келишпестик бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин Эмгек, салматтыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында болду.

Отурумда Алиев демилгечи болгон баңгизатка байланыштуу мыйзам долбоору каралып жаткан. Карыбек уулу долбоор боюнча тактоочу суроолорду узаткан учурда экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк жаралды.

"Мен экзаменде эмесмин го, окуй тургандай. Сиз өзүңүздүн пикириңизди айтпайсызбы, анан ошого жараша жооп берейин. Же мугалим болуп калдыңызбы? Улук мырза, маселенин ток этер жерин сөз кылалы. Бул жерде популизмдин кереги жок",- деди Алиев.

Бул учурда эки эл өкүлү жарыша сүйлөп, аларды кесиптештери тынчтандырууга аракет кылышты. Карыбек уулу "популисттикти сиз кылып жатасыз" деп Алиевге нааразычылыгын билдирди. Алиев маселенин ток этер жерин гана талкуулоо сунушун берди.

"Куру блогерликти таштасак, бул жер жогорку трибуна. Мыйзамдын алкагында сүйлөсөк. Мааниге ээ эмес жерлери менен арзан упай топтобосок",- деген Алиев ага кат аркылуу кайрылууну кеңеш кылды.

Карыбек уулу кесиптешин ар-намыска шек келтирүүдөн алыс болууга чакырып, "мен блогер болсом дагы элдин өкүлүмүн. Сизде кандай укук болсо, менде да ошондой укук бар. Өзүңүздүн ыйгарым укуктарыңыздан чыкпаңыз" деди.






"Мугалим болуп калдыңызбы?" Медер Алиев менен Улукбек Карыбек уулу кайым айтышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: