Каракчылык менен алектенишкен... Уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делгендер кармалышты
Баткенде уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар деген шек менен 23, 26, 27 жана 33 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоо үчүн оор кылмыштарды жасап, опузалап акча талап кылуу менен алектенип келишкен. Шектүүлөр кримтөбөл Кадыр Досоновдун "Женго" кылмыштуу тобунун бир мүчөсүнүн идеологиялык жактоочулары болушкан.
Алар былтыр 26-декабрда Оштун Ноокат районунун тургунуна куралдуу каракчылык жасап, ага оор дене жаракаттарын келтирип, 230 миң сомун тартып алышкан. Факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, шектүүлөр абактарда жазасын өтөп жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн каржылоо максатында былтыр 29-декабрда бир адамдын 150 миң сомдук Nexia үлгүсүндөгү унаасын тартып алышып, сатып жиберишкен. Унаадан түшкөн каражаттар "Греф" деп аталган адам үчүн түрмөгө жөнөтүлгөн.
Тергөөдөн кийин 33 жана 23 жаштагы шектүүлөр Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда дагы тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















