super.kg logo

Жогорку Кеңеште органикалык жер семирткичтер боюнча тегерек стол өттү

 

Жогорку Кеңеште “Органикалык жер семирткичтер: сапаты, сертификациялоо жана рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү” аттуу тегерек стол өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага тиешелүү адистер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ата мекендик өндүрүүчүлөр катышып, өз продукцияларын тааныштырышты. Анда жүндөн, биогумустан, биокомпосттон жана башка чийки заттардан өндүрүлгөн органикалык жер семирткичтер тууралуу кеңири маалымат берилди.

Эл өкүлү органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү багытындагы иштер мындан ары да улантыларын белгилеп, бул тармакты мыйзамдык жана уюштуруучулук жактан колдоо чаралары күчөтүлөрүн айтты.

Жыйынтыгында органикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү колдоо, сертификациялоо механизмдерин өркүндөтүү жана мамлекеттик менен жеке сектордун кызматташуусун кеңейтүү боюнча сунуштар иштелип чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: