Иран АКШ жана Израилдин аракеттерин айыптоого чакырды
Ирандын Австриядагы элчиси Асадолла Эшраг Жахроми Иран бардык мамлекеттерди, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрүн АКШ жана Израилдин Иранга каршы жасаган аракеттерин айыптоого чакырып жатат. Бул тууралуу элчи чет элдик басылмалардын бирине маек берип жатып айткан.
Дипломаттын айтымында, БУУ баш катчысы жана Коопсуздук кеңеши “ыкчам жана жооптуу чараларды көрүүсү” зарыл. Ал белгилегендей, эл аралык коомчулук “глобалдык туруктуулукка олуттуу коркунуч жараткан бул агрессияны алдын алуу үчүн коллективдүү аракеттерди тез арада көрүшү” керек.
Эшраг Жахроми билдиргендей, Иран бул чакырык менен эл аралык мыйзамдарды сактоо жана аймактык жана глобалдык коопсуздукту коргоо максатында БУУ мүчөлөрүн активдүү аракети талап кылынат деп эсептейт. Ал ошондой эле бардык жооптуу өлкөлөрдү бул агрессияга каршы бирдиктүү позиция кармоого үндөдү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















