Стамбулда соода-экономикалык кызматташуу талкууланды
Бүгүн, 3-мартта Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын өкүлү Стамбул Соода палатасынын президенти Шекиб Авдагич менен жолугушту. Бул тууралуу Стамбулдагы башкы консулдуктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Стамбул шаарынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү маселелери талкууланды. Тараптар акыркы эки жыл ичинде эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүү динамикасын канааттануу менен белгилешти.
Кыргыз тарап өлкөнүн инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берип, чет элдик инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан жагымдуу шарттарга токтолду. Ошондой эле ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана бизнес чөйрөлөр ортосунда түз байланыштарды күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу иш байланыштарын сактоого жана мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















