super.kg logo

Адылбек Касымалиев “Edelweiss Group AG” өкүлдөрү менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

 

Бүгүн, 3-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Edelweiss Group AG” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө компания өкүлдөрү Кыргызстандын аймагында мамлекеттик маанидеги ири инфраструктуралык долбоорлорго эл аралык инвесторлорду тартууга жана аларды каржылоого кызыкдар экенин билдиришти. Анын алкагында Европа өлкөлөрүнөн жеке жана юридикалык жактарды эркин экономикалык аймак аркылуу, ошондой эле Edelweiss банкынын негизинде көрсөтүлүүчү банктык жана корпоративдик кызматтарга тартуу сунушталды.

Мындан тышкары эркин экономикалык аймакты Майлуу-Суу лампа заводу ачык акционердик коому жайгашкан аймакта уюштуруу артыкчылыктуу багыт катары каралып жатканы белгиленди. Бул жерде кайра иштетүүчү өнөр жай жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда европалык технологияларды колдонуу жана тиешелүү каржылоо механизмдерин киргизүү пландалууда.

Жолугушуунун соңунда МинКаб төрагасы Кыргызстан инвестиция салууга кызыкдар ишкерлер үчүн ар дайым ачык экенин белгилеп, ошол эле учурда улуттук мыйзамдардын так сакталуусу зарыл экенин баса көрсөттү. Ал сунушталган демилгелердин негизинде тийиштүү мамлекеттик органдарга иштерди алып баруу тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: