super.kg logo

Ракеталык чабуул коркунучунан улам Дубайга багыт алган учактар артка бурулду

 

Flightradar24 кызматынын маалыматына ылайык, Дубайга багыт алган бир катар авиакаттамдар ракеталык чабуул коркунучуна байланыштуу артка бурулган. Соцтармактагы билдирүүгө тиркелген скриншотто учактар Дубайга жакындаганда чыгыш тарапка бурулганы көрүнөт.

Алардын арасында Москва, Екатеринбург, Лондон, Варшава, Найроби жана Карачи шаарларынан учуп чыккан каттамдар бар экени айтылууда. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда Дубай багытындагы каттамдар ракеталык чабуул коркунуч күчүндө тургандыктан убактылуу токтотулган.

Буга чейин 28-февралда АКШ жана Израил Иран аймагындагы объекттерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку урганы кабарланган. Өз кезегинде Иран Израил аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объекттерине жооп иретинде сокку жасаганын билдирген. Аймактагы чыңалуунун күчөшү аба каттамдарына да таасирин тийгизүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: