super.kg logo
  Саясат  

Бишкек мэриясы сел каптоонун алдын алуу чараларын күчөттү (видео)

 
Кечээ, 3-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Маңка-Жар коктусундагы сел сактоочу жайды көрүп чыгып, жакын жайгашкан конуштун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө калаа башчысы учурда коктунун аймагында сел жүрүү коркунучу болжолдонбосун, ал эми азыркы аба ырайынын шарттары калкка жана шаардык инфраструктурага коркунуч жаратпай турганын белгиледи. Абал шаардык кызматтардын туруктуу көзөмөлүндө.

"2023-2024-жылдары жакынкы конуштагы үйлөрдү суу каптап, айрымдар бул маселени чече албайбыз дешкен. Бирок өз убагында жана координацияланган чаралардын аркасында 2025-жылы суу каптоого жол берилген жок. Аткарылган иштердин алкагында 6 миң тонна таштанды чыгарылды, ал эми жаңы сел сактоочу жайлар 42 миң куб метрге чейин сууну кармап турууга мүмкүнчүлүк берет",- деди мэр.
Бишкек шаарынын мэриясы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы менен биргеликте суу каптоонун алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырып, Маңка-Жар коктусундагы эки суу ташкынына каршы дамба 1615 куб метр көлөмүндө тазалангандыгы кошумчаланды. Ошондой эле Төмөнкү жана Жогорку Орок айылдарынын аймагында, Семетей - Мотуке уулу Жакыпбай көчөсүндө эки сел сактоочу жай курулуп, тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында айланасы тосулду.

Белгилей кетсек, буга чейин нөшөрлүү жаан-чачындан улам Арча-Бешик, Жер-Ынтымагы жана Орок конуштарындагы үйлөрдү суу каптап, учурда көрүлгөн чаралардын негизинде 260тан ашуун турак жай мүмкүн болгон суу каптоодон жана табигый кырсыктын кесепеттеринен корголду.






Бишкек мэриясы сел коркунучунун алдын алуу чараларын күчөттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: