8-мартка карата Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл ташылып келди
8-мартка карата Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл ташылып келди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, февраль айынын башынан бүгүнкү күнгө чейин өлкөгө 4,07 миллион даана жаңы гүл киргизилди. Бул январь айына салыштырмалуу 31 пайызга көп. Гүлдөрдүн негизги бөлүгү аба транспорту аркылуу ташылат. Ал эми негизги жеткирүүчү өлкөлөр болуп Кения, Кытай, Эквадор, Нидерланды жана Колумбия саналат.
Февраль айында роза, гвоздика, орхидея, хризантема жана лилия гүлдөрүнө суроо-талап көп болот. Бул айда дайыма алдыңкы орунда турган розалар 3,56 миллион даана ташылып келген, бул жалпы гүлдөрдүн импортунун негизги үлүшүн түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















