super.kg logo

Депутат көрүстөндүн жанындагы көп кабаттуу үйлөр боюнча тынчсыздануусун билдирди (видео)

 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков Орто-Сай айылындагы көрүстөндүн жанында курулуп жаткан 9 блоктон турган турак жай комплекси боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Анын айтымында, учурда маркумдар коюлуп жаткан көрүстөндүн жанындагы курулуш иштери санитардык нормаларды бузууда. Эл өкүлү ар кандай жугуштуу оорулар жаандан улам агып түшкөн суулар аркылуу тарашы мүмкүндүгүн белгилеп, курулуштар мүрзөлөрдөн кеминде 100 метр алыстыкта жайгашышы керектигин кошумчалады.

Ал шаардык мэриядан, Курулуш министрлигинен жана ыйгарым укуктуу органдардан буга укуктук баа берүү, мыйзам бузууга жол берген кызмат адамдарына чара көрүү жана уруксат документтеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылды.

Эскерте кетсек, аталган айыл аймактык реформанын алкагында жакында Аламүдүн районунан Бишкек шаарына өткөн.






Депутат көрүстөндүн жанында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр боюнча тынчсыздануусун билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: