Трамп Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташыган кемелерди камсыздандырууну убада кылды
АКШнын президенти Дональд Трамп Өнүктүрүү финансы корпорациясына Перс булуңунда мунай жана газ тышыган компанияларды тез арада ылайыктуу баада камсыздандырууну тапшырды. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Social Truth социалдык тармагына жазган.
Анда ал Ормуз кысыгы аркылуу өтө турган кемелерге аскердик коштоону дагы убада кылган.
"Эмне болгон күндө да, АКШ дүйнөгө энергияны эркин камсыз кыла алат. АКШнын экономикалык жана аскердик күчү планетадагы эң чоң күч",- деген Трамп.
Белгилей кетсек, буга чейин Иран акыркы кырдаалга байланыштуу Ормуз кысыгын жапканын жана аймакка кирген бардык кемелерди аткылай турганын эскерткен.
Аталган кысык дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолдорунун бири. Ал аркылуу Перс булуңундагы мунай менен газдын чоң бөлүгү башка өлкөлөргө ташылат. Эгер кысык жабылса же коопсуздук начарласа, дүйнөдө мунайдын баасы дароо өсөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















