Иранда АКШ менен Израилдин чабуулу учурунда каза болгон 168 кыз жерге берилди
Кечээ, 3-мартта Иранда АКШ менен Израилдин мектепке жасаган соккусунан улам каза болгон 168 окуучу кыз жерге берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, каза болгон окуучу кыздардын жаназасында миңдеген адамдар аза кийимдери менен жүрүшкө чыгышкан.
Бул окуяга байланыштуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк ыкчам жана объективдүү иликтөө жүргүзүүнү талап кылды.
Эскерте кетсек, 2-мартта Ирандын түштүгүндө жайгашкан башталгыч класстын окуучулары билим алган мектепке АКШ жана Израил тарабынан сокку урулганы маалымдалган. Анда курмандыктардын саны 171 адамга жеткени, көпчүлүгү окуучу кыздар экени кабарланган. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 160 кызга казылган мүрзөлөрдүн сүрөтүн жарыялады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















