Иран Ормуз кысыгын жапкандан кийин ондогон кемелер деңизде топтолуп калды
Иран акыркы кырдаалга байланыштуу Ормуз кысыгын жапкандан кийин, деңиздин эки тарабында ондогон жүк ташуучу кемелер топтолуп калды. Бул тууралуу Vesselfinder кеме көзөмөлдөө порталына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматтар боюнча, Ирандын армиясы Ормуз кысыгын толук көзөмөлгө алган. Учурда мунай ташуучу, коммерциялык жана балык уулоочу кемелер суу аркылуу жүрө алышпайт.
Белгилүү болгондой, Иран буга чейин аталган кысыкты жапканын жана аймакка кирген бардык кемелерди аткылай турганын эскерткен.
Андан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңунда мунай жана газ тышыган компанияларды тез арада камсыздандырууну тапшырып, Ормуз кысыгы аркылуу өтө турган кемелерге аскердик коштоону убада кылган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:58
2026-03-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















