Бишкекте алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды
Бишкек шаарында алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу 4-мартта Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.Берилген маалыматка ылайык, Р.У. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында, 8-февралда белгисиз адам Lalafo тиркемесине батирди ижарага берүү жөнүндө жарыя жайгаштырып, арыз ээсинин ишенимине кирип, 12 миң сомду депозит катары алдап алганын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган С.Ч. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















