Дастан Бекешев: "Айдоочулардан кайрадан экзамен алуу демилгеси коррупцияга жол ачат"
Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жол эрежесин одоно бузган айдоочулардан кайрадан экзамен алуу демилгеси коррупцияга жол ачышы мүмкүн экенин билдирди.
Анын айтымында, жол белгилерин жетиштүү билбей, суроолорго жооп бере албай калган айдоочулар айып пулдан же жоопкерчиликтен качуу үчүн жеринде жол тескөөчүлөргө акча сунушташы ыктымал. Бул жемкорлуктун жаңы багытына айланышы мүмкүн.
"Тилекке каршы, көпчүлүк маселе акча менен чечилет. Жол тескөөчү унааны токтотот, планшет менен айдоочуга суроолорду көрсөтүп, текшерет. Жеринде жооп бере албай калган айдоочу акча берет да",- деди депутат.
Бирок депутаттын Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери коррупциялык иштерге барат деген божомолун ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов четке какты. Анын айтымында, жол тескөөчүлөрдүн ишмердүүлүгү толугу менен көзөмөлдө болуп, кызматкерлер байкоо жүргүзүүчү камералар менен камсыздалган. Бул систем мыйзам бузуу фактыларынын алдын алууга жана ачык-айкын иштөөгө шарт түзөт.
Ошондой эле Бекешев алгач экзамен ала турган кызматкерлердин өздөрүн текшерүүнү сунуштады.
Дастан Бекешев: "Айдоочулардан кайрадан экзамен алуу демилгеси коррупцияга жол ачат"
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















