Кадамжайда опузалап акча талап кылууга шектүү кармалды
Баткен облусунун Кадамжай районунда опузалап акча талап кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Таш-Коргон айылынын 50 жаштагы тургуну 28-февралда өзүнүн ок атуучу куралы менен Пум айылына мергенчиликке барган. Анда бейтааныш жаран анын куралын тартып алып, 30 миң сом акча берсе гана кайтарып берерин айтып коркуткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 43 жаштагы А.У. аттуу Пум айылынын тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:06
2026-03-06
10:05
2026-03-06
8:46
2026-03-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















