super.kg logo

Израил Хаменеинин мураскери да бутага алынарын билдирди

 

Израилдин аскерлери маркум Али Хаменеинин ордуна келген ар бир жаңы Ирандын жогорку лидерин бута катары карашат. Бул тууралуу Израилдин коргоо министри Исраэль Кац билдирди.

Ал: "Ирандын террористтик режими тарабынан Израилди жок кылуу пландарын улантуу үчүн дайындалган ар бир лидер шексиз жок кылуунун бутасына айланат. Анын аты ким экени же кайда жашынганы маанилүү эмес",- дегенин жазат The Times of Israel гезити.

Ал ошондой эле Израил менен АКШ Иран элине өлкө өкмөтүн кулатууга мүмкүндүк берүүчү чараларды ишке ашырууну уланта берерин убада кылган.

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин аба соккуларынан каза болгон. Маркум менен коштошуу аземи 4-март күнү башталып, үч күнгө созулат. Анын ордуна уулу Можтаба Хаменеи дайындалганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: